www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай өкмөтү Өзбекстандагы социалдык долбоорлорду ишке ашырууга 190 миллион доллар бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министринин орун басары Сарвар Хамидов менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин төрагасынын орун басары Дан Боциндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшү каралды, ошондой эле эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташтыкты кеңейтүү перспективалары талкууланды.

Кытай тарап Өзбекстанда акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалап, социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү мындан ары активдештирүүгө даяр экенин билдирген.

Жыйындын соңунда артыкчылыктуу гранттык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюулду. Документте айыл жана суу чарбасы, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана институционалдык өнүктүрүү сыяктуу тармактарда жалпы суммасы 190 миллион доллардан ашык 14 долбоорду ишке ашыруу каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости