www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин Марокко падышасы Мухаммед VIга жер титирөөнүн кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу 9-сентябрда Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

"Россия Марокко элинин кайгы-капасын тең бөлүшөт. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, ошондой эле бул табигый кырсыктан жапа чеккендердин бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалайбыз", — деп айтылат Россия лидеринин телеграммасында.

Эске салсак, Марракештен 80 чакырым алыстыкта ​​күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан кийин күчү 4,8, 3,4, 3,2 жана 3,3 баллга жеткен дагы бир нече жер титирөө катталган.

Жер титирөөдөн кесепетинен 632г адам каза болуп, 329 адам жаракат алган. 

Сейсмологдор жер титирөөдөн кийинки силкинүүлөр жакынкы бир нече саат, атүгүл бир нече күн ичинде болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости