www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен электр энергиясыз күн өткөрүп келген Жумгал районунун Кең-Суу айылына электр энергиясы тартылууда. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аймак түптөлгөн жылдан бери электр жарыгы менен камсыз болбогондуктан, жергиликтүү тургундар мамлекет башчысына кайрылуу жасап, маселе кароого алынды.

"Бүгүнкү күндө Энергетика министрлиги тарабынан атайын техникалар тартылып, иш кыйла жеңилдеди. Бирок, техника жетпеген участоктордо мамычаларды орнотуу бир топ кыйынчылыктарды жаратууда, ага карабастан Нарын электр тармактар ишканасынын кызматкерлери ыкчам иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда энергетиктер тарабынан мамычалар орнотуу иштери бүтсө, 11 чакырым аралыкка 10 кВ аба чубалгысын тартуу иштери башталат.

Эске салсак, 2017-жылы бул айылда 17 түтүн катталып, учурда 21 түтүн жашайт. Ошол убакта Азия өнүктүрүү банкы тарабынан пилоттук негизде насыяга күн батарейкаларын 15 үй-бүлөө алып, 3 жыл аралыгында насыя төгүп келишкен, кийинки 2 жылын мамлекет чегерип берген. Бирок бул долбоор аягына чыккан эмес.

Последние новости