www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Марокконун Королу Мухаммед VI бин Аль-Хасанга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

“Ушул жылдын 8-сентябрында болгон жер титирөөдө адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, Марракештен 80 чакырым алыстыкта ​​күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан кийин күчү 4,8, 3,4, 3,2 жана 3,3 баллга жеткен дагы бир нече жер титирөө катталган.

Жер титирөөдөн кесепетинен 632 адам каза болуп, 329 адам жаракат алган. 

Сейсмологдор жер титирөөдөн кийинки силкинүүлөр жакынкы бир нече саат, атүгүл бир нече күн ичинде болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости