www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад ОИИБине президент Садыр Жапаровдун атынан “Тойота каролла” жана “Мерседес спринтер” үлгүсүндөгү автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев 29-августта президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келген учурда облустук милицияга белек берип жибере тургандыгын айткандыгын, ошол белекти тапшыруу үчүн келгендигин билдирди.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө милиция кызматкерлерин мыйзамдуулукту сактоого, өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга, кылмыштуулук менен тайманбастан күрөшүүгө чакырды. Милициянын техникалык базасын чыңдоого мындан ары дагы көңүл бурула тургандыгын, өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылып, биргеликте тынчтыкты сактоо керектигин белгиледи. Ошондой эле спецназдын жумушуна токтолуп, алардын кылмышкерлер менен күрөшүүдөгү ордун белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан 2 автоунаанын ачкычтарын ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасына тапшырды.

Жалал-Абад ОИИБинин башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Абитов Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генарал-лейтенант Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости