www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мароккодогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 820га жетип, дагы 672 адам жаракат алганын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянуу менен Al-Arabiya телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын арасында 205 адамдын абалы оор.

Белгилей кетсек, буга чейин 632 адам каза болуп, 329у жарадар болгону кабарланган.

Эске салсак, Марракештен 80 чакырым алыстыкта ​​күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан кийин күчү 4,8, 3,4, 3,2 жана 3,3 баллга жеткен дагы бир нече жер титирөө катталган.

Сейсмологдор жер титирөөдөн кийинки силкинүүлөр жакынкы бир нече саат, атүгүл бир нече күн ичинде болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости