www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Бекешев: «Асановду тил кат менен бошотуу керек»

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу маселе бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев Асановго коюлган айып боюнча так түшүндүрмө берилиши керектигин баса белгиледи.

«Ал эмнеге айыпталып жатканын так айтып, сотун ачык кылышса туура болот эле. Ошол кезде ким гана кайсы гана мекемени басып алган жок. Эмне үчүн башкаларга айып коюлбайт? УКМКны басып алгандар болду, Финполду, Башкы прокуратураны басып алууга аракет жасашты. Объективдүү болуу керек».

Ошондой эле, эл өкүлү октябрь окуялары учурунда мекемелерди басып алуу аракети көп болгонун айтты жана калыстык үчүн ошол адамдарды да жоопко тартуу зарылдыгын кошумчалады

Бекешев Асановду тил кат менен бошотуу керектиги тууралуу пикирин да билдирди.

Эскерте кетсек, Курсан Асанов 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги жапырт башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости