www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровдун башка президенттерден айырмасы актыгында, тазалыгында. Мындай пикирди коомдук имер «NazarNews» маалымат агенттигине , коомдук ишмер Кайып Шер билдирди.
--«Мына баарыбызга белгилүү болгондой жаңы президент Садыр Жапаровду бир тилек менен эл колдоду. Буга чейин бир дагы президентти мынчалык эл колдогон эмес. Андыктан ар бирибиз жардам берип, алдыга умтулуусун колдойлу. Мен билгенден көпчүлүк анын айланасындагы адамдары таза, мамлекетке иштейм деген инсандар экен. Акыркы убактарда жакшы жыйынтыктарды көрдүк. Мисалы, Камчыбек Ташиев жемкорлук менен күрөштү. Мамлекеттин бюджетине канчалаган акчалар кайтарылды. Мен абдан ыраазы болуп калдым. Ал эми жаңы өкмөт башчы Марипов дагы таза, ичинде жаман кири жок инсан. Бул тарбия көргөн адам. Ушул сыяктуу иштейм, таза эмгек кылам деген адамдарга мамлекетти тапшырсак болот. Ал эми көрө албастарга карап отурбай алдыга умтулуп иштеши зарыл. Азыр алар менен акыйнек айтышып, алышып отурууга убакыт жок. Себеби, өлкөнун экономикасы түшүп, эл кыйналып жатат. Канчалаган мигранттарыбыз чет жакта жүрөт. Аларды өлкөгө кайтарып, жумуш менен камсыз кылуу азыркы бийлик өкүлдөрүнүн милдеттиренини бири болуп саналат. Ошондуктан баарыбыз жардам берели, колдойлу, мамлекеттин өнүгүүсү баарыбызга тиешелүү”, - деди коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg