www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев парламенттик шайлоону жылдыруу керектигин же болбосо үгүт иштерин башка форматка өткөрүү керектигин айтты.

Ал парламенттик шайлоого аз эле күн калганын айтты. 

"Биздин 7 отурум калды. Парламенттик шайлоо компаниясынын башталышы тууралуу жарлык чыгат. Бир топ маселелер калып жатат. Биз иштеп жаткан нормалар менен барсак бир топ коркунуч бар. Коронавирус оорусу азайбай жатат. Анда биз эмнеге апрель айында карантинге чыктык? Саясий партиянын мүчөсү коронавирус менен ооруп калса, ал ооруканага жатканга мажбур болот. Күзүндө илдеттин экинчи толкуну баштала турганын айтышууда. Биз парламенттик шайлоону жылдырышыбыз керек же үгүт иштерин башка форматка өткөрүү зарыл. Шайлоону жылдырсак, депутаттар узурпация кылып жатат деп айтат. Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт саясий партиялар биргеликте кандай формат менен шайлоого бара турганыбыз боюнча кеңешибиз керек", - деди Бекешев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости