www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Дастан Жумабеков эл өкүлдөрүн бүгүнкү парламентаризмдин кесиптик күнү менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө учурдагы жана буга чейинки парламенттин бардык мүчөлөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, парламенттин коомдогу ордун, ролун баса белгиледи. Аны менен бирге төрага Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары тарабынан өлкөдөгү социалдык маселелерге багытталган мыйзам, мыйзам долбоорлору, токтомдор кабыл алынгандыгын белгилеп, жакын арада ал өз жемишин бере тургандыгынан ишеними чоң экендигин билдирди.

"4-июнь кыргыз парламентаризм күнүн белгилеп келебиз. Алгачкы ирет 82 жыл мурда эл өкүлдөрү шайланыптыр. Биз 6-чакырылышта 6 фракция элге кызмат кылып келебиз. Урматтуу кесиптештер, биз үчүн жакшы күндөрдүн бири. Ушул жерден элдин саясаты, турмушу мыйзам менен чечилип келет. Жакшы мыйзамдарды кабыл алып бердик. Коррупция менен күрөшүүдө саясий чечимдериңиздерди билдирдиңиздер. Биздин 6-чакырылышта жасалган иштерге бир күн келип, баа берилет", - деди Жумабеков. 

Белгилей кетсек, 1938-жылы Кырыз ССРнин Жогорку Совети ишке киришип, 2018-жылы Кыргыз Республикасында парламентаризмдин 80 жылдыгы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости