www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-январда, Жогорку Кеңеште майып балдардын жеткиликтүү билим алуусуна жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү (майыптыгы бар адамдарга билим берүү маселелери боюнча) киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечиси ЖК депутаты дастан Бекешев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сунушталган мыйзам долбоору билим берүүчү уюмдарда инклюзивдик билим берүүнү киргизүү, майып балдардын жеткиликтүү билим алуусуна шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
«Азыркы убакта майып адамдар үч формада билим алат: атайын билим берүүчү уюмдары аркылуу, үйдө окутуу, жалпы типтеги уюмдарда окуу аркылуу», - деди Дастан Бекешев.
Ошондон улам, мыйзам долбоорунда төмөндөгүлөр сунушталууда:
1. Жогорку окуу жайларда акысыз окутуу үчүн мамлекет бөлүүчү квоталардан айылдык жаштарды алып салуу.
2. «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» мыйзамда инклюзивдик билим берүүгө берилген аныктама толук эмес жана так эмес, ушуга байланыштуу ал алып салынууда.
3. Индивидуалдык билим берүү программаларын иштеп чыгуу педагогдорго академиялык эркиндик берген ченемди мамлекеттик билим берүү стандарттарына киргизүү сунуш кылынууда.
4. Майыптыгы бар бала кандай формаларда билим ала тургандыгы конкреттештирилүүдө.
5. Ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучуларды кабыл алуудан баш тартууга тыюу салган ченемдер киргизилип жатат.
6. Мыйзам долбоорунда башталгыч мектепте окуп жаткан, майыптыгы бар балага баа коюуга жана үй тапшырмасын берүүгө тыюу салуу сунушталууда.
7. Мыйзам долбоорунда жогорку окуу жайларды окуу материалдарын майыптыгы бар студенттер үчүн жеткиликтүү болушунун шарттарын түзүүгө милдеттендирүү сунушталууда.
8. «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» мыйзамдагы «атайын муктаждыгы бар балдар» деген сөздөр «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга ылайык келтирилүүдө.
9. Инклюзивдик билим берүүнү мамлекет тарабынан каржылоо жөнүндө ченемдер киргизилүүдө.
Депутат Алмазбек Токторов мыйзам долбоорун колдой туганын айтуу менен бирге, мыйзам кабыл алынып калса, 2021-жылдан тарта ишке кире албай калышы мүмкүн, ошондуктан анын ишке кирүү мөөнөтүн жок дегенде 2023-жылга жылдыруу зарылдыгын белгиледи.
Демилгечи инклюзивдик билим берүү усулу мектепке чейинки жана мектептик билим берүү мекемелеринин мүмкүнчүлүгүнө жараша этап-этабы менен киргизиле турганын билдирди. Ал мектептерге инклюзивдик билим берүү усулун киргизүү үчүн жылына 309 млн сом жумшалат.
Ал эми билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова азыр билим берүү мекемелеринин атайын билим берүүгө өтүү мүмкүнчүлүктөрү иликтенип жатканын, анын жыйынтыгы келерки айда белгилүү болорун айтты. “Ырас, азыр бюджетте каражат тартыш, бирок биз 2023-жылга чейин мугалимдерди атайын окуулардан өткөрүп, акырындан даярдык көрө берүүгө тийишпиз”, - деди ал.
Белгилей кетсек, Президент тарабынан 2020-жыл Балдарга колдоо көрсөтүү жылы катары жарыяланган. Статистикалык маалыматтарга караганда, жылдан-жылга майып балдардын саны өсүүдө. Ушу тапта Кыргыстанда 30 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Алар 14 атайын билим берүү мекемелеринде окуйт. Ар бир майып баланы окутуу үчүн жылына болжол менен 135 миң сом жумшалат.
Булак: NazarNews.kg