www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети кирешелер боюнча 57 892,1 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 57 104,9 млн. сом суммасында бекитилди, бюджеттин профицити 787,2 млн. сом суммасында белгиленди.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости