www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-мартта парламенттин жалпы жыйынында Баш мыйзамдын долбоору каралып, референдум дайындоо маселеси күн тартибине киргизилди.

Жыйында  депутат Дастан Бекешев Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорундагы үтүрдү да өзгөртүүгө тыюу салынганын билдирди.

Ал белгилегендей, негизги мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорунун авторлору көрсөтүлгөн эмес.

"Эмне үчүн депутаттар, мыйзам чыгаруу органынын өкүлдөрү катары үтүрдү да өзгөртө алышпайт, бирок Конституциялык жыйын өзгөртө алат? Бул канчалык мыйзамдуу?",-деди депутат.

Анын айтымында, жаңы Конституциянын долбоору элдин трагедиясына айланат.

"Сиздер эл үчүн жаман иши кылып жатасыздар. Сөз эркиндигине шек келтирүү. Башкы прокуратурага монстрдык функцияларды киригизүү. Президенттин жеке жоопкерчилиги кайда? Эгерде мамлекет башчы оор кылмыш жасаса, аны кантип жоопкерчиликке тартабыз? Бул долбоорго ылайык, президент менен өкмөт төңкөрүш жолу менен гана болот", - деди Бекешев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости