www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөр менен визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартууга багытталган «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кайрадан тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Демилгечинин айтымында, бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондон улам келишимдерди азыртан узартуу зарыл. «Атайын кызматтар терроризм жана экстремизм коркунучтары сындуу коркунучтарды мисал тартып, коопсуздук маселесин байма-бай эске салып келет. Бирок, биз мыйзамдарды либералдаштыруудан коркпошубуз керек. Мындай келишимдер өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», - деди ал.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун эске алганда, мындай мыйзамды кабыл алуу азырынча эртелик кыла турганын белгиледи. Ал мыйзам кабыл алынса, чет өлкөлүк көптөгөн качкындарды аргасыз кабыл алууга туура келерин, анан аларды жайгаштыруу маселеси келип чыгарын, келгиндердин арасында террордук жана экстремисттик топтордун мүчөлөрү болуп калышы да мүмкүн экенин кошумчалады.

Мындай пикирди Өкмөт, анын ичинде Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги, Туризм департаменти да колдой турганы белгилүү болду. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө болгон терактар атайын текшерүүлөрдөн өтүп, Шенген визасын алган адамдар тарабынан жасалып жатканын эске салды.

Депутат Рыскелди Момбеков дагы утурумдуу экономикалык кызыкчылыктан мурда, биринчи кезекте өлкөнүн коопсуздугун коргоо зарылдыгын баса белгиледи. Аны депутат Кожобек Рыспаев да колдоду. Ал эми депутат Аалы Карашевдин пикиринде, өлкө аймагына кирип-чыккан чет өлкөлүк адамдардын баары мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, бул маселе Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде каралганда, Өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошуу, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу сунушун берген. Алар: Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Демилгечи мындай сунушка макул болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости