www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-бабаларыбыз коррупция менен күрөшкөн эмес, анткени коррупция болгон эмес. Бул тууралуу белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

"Бүгүн өлкөнү коррупциянын “сары чырмоогу” басып алды деп журналисттер жазса, бийлик “мамлекет туңгуюкка келди” деп ачык айтты. Коррупция менен бабаларыбыз кантип күрөшкөн?

Күрөшкөн эмес, анткени коррупция болгон эмес. Бабаларыбыз отурукташкан элдердин турмушун көрүп, жакшы түшүнгөн: бийлик жүргүзгөн кызматчылар канча көп болсо, “май кармаган бармагын жалайт” дегендер да көп болоорун. Ошол үчүн, кыргыз элинде бийлик жүргүзкөн “чиновниктер” жок болчу. Милиция, прокурор, салыкчы, бажычы, айыл өкмөт, акимчилик, уруксат берүүчү, катттоочу ж.б. жок болсо коррупция кантип болсун?!", - дейт Дастан Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости