www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата “Айтыш - 2022” республикалык төкмө акындар айтышы жыйынтыкталды.

Эки күнгө созулган айтыштын баш байгесин акын Кубат Тукешов багындырса, биринчи орунду Баян Акматов, экинчи орунду Асылбек Маратов, үчүнчү орунду Сапарбек Зулпуев ээледи. Калган катышкан төкмө акындарга кызыктыруучу акчалай сыйлыктар берилип, ошондой эле бардык акындарга жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө Токтосун Тыныбеков атындагы төш белги тапшырылды.

Аталган айтыш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Республикалык “Айтыш” коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фондунун уюштуруусунда өтүп, президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында ишке ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости