www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук жана саясый ишмер Дастан Сарыгулов NazarNews маалымат агенттигине Дубайдагы экс-президенттердин жолугушуусу тууралуу пикирин билдирди.

– Дубайдагы президенттердин жолугушуусунан кийин коомдо эл ынтымагы жөнүндөгү талкуу күч алды. Тарыхыбызда кыргыз жаралып, калыптанган полеолит доорунан бери илимий далилдер менен тастыктап, жазып чыккан адам катары айтсаңыз биз чын эле ынтымак, биримдиги жок элбизби? 

– Кыргыз ынтымагы жок эл болсо, полеолит доорунан бери жок болуп кетпей сакталып калат беле? Теги бир, түбү бир атадан таралган далай элдер бир эле диндин үч-төрт агымын тутунуп, 70 жыл тынбай согушуп жатпайбы? (Израил менен Араб өлкөлөрү) бири-бирин эле жардырганда 50-70 адамды жок кылып жатышпайбы (Ирак, Сирия, Афганистан, Пакистан ж.б) суннит, шиит, вахабист, салафит болуп бөлүнүп?! Россия-Украина согушунун аягы көрүнбөй калды го...

– Анда бизди кыргыздарды Кудай өзү сактап келе жаткан турбайбы? Негизи эле эгемен жылдары элибизде көр талашкан, сөөк талашкан учурлар болдубу? ...

– Кыргыз ынтымагына XIX кылымдары, чоң сокуу падышалык Россия тарабынан урулган. Россия билген уурулар ынтымагын ыдыратмайынча, кыргыздарды жеңип башкара албаганын. СССР доорунда КПСС атайын кыргызды өз тарыхынан, санжырасынан, эне тилинен, салттуу маданиятынан ажыратып, маңкурт кылып, ээрчиме, жан бакты, өзү ким экенин тааныбаган, жоош, тил алчаак, кошоматчы, рухий кулга айлантуу саясатын жүргүзүп, максатына жеткен. Бул абалдан бүгүн дагы чыга албай жатабыз.

–  Бирок эгемендүү доордо азаттыкка жетип, суверендүү мамлекет болбодукпу? 

– Кокустан президент болуп калгандар, өнөр жай, айыл-чарбаны талкалап, жумушу жоктун айынан бир жарым миллион элди мигрант кылып, таратты. 
Эптеп бийликти колунан чыгарбаш үчүн булар дагы эл биригип кетпесин деп, ынтымагын ыдыратып, ар кандай дин агымдарына жол ачып, түркүн саясый партияларды түзүп, Батыштын саясатын мактап, жайылтып, эл ынтымагына уютку, өзөк болчу тарыхыбызга эне тилибизге, комуз, Манасчылык, төкмө акын, кол өнөрчүлүгүбүзгө кош көңүл, кайдыгер мамилени отуз жыл бою үзбөй кылып келишти... 

“Талас эли эле эмес, Абыке, Көбөштүн тукуму, Казакстанга кошулуп кеткиле”, “Нарын эли мал сымал, Нарын дарыясын булгап жатасыңар”, - деген сөздөрдү кыргыздын душманы гана айтат.

– Кыргыз кантип ынтымагын бекемдеп, биримдигин бузулбас кылып келген? 

– Миң жылдар бою кыргыз адилет, калыстыкты, акыйкаттыкты ыйык тутуп, тек тутуп, теңдикти көзүн карегиндей сактап келген. Миң жылдар бою кыргыз элинде жетим, жесир, кайырчы, селсаяк, таштанды балдар, багаары жок кары-картаңдар болгон эмес. Бай-кедейи белгисиз, баары тең жашаган! Кыргыз эли өзүн-өзү башкарган, коррупция, уурулук, жалган сүйлөп калп айтуу болгон эмес! Кан бийлигинен нарк күчтүү салт элден өйдө, намыс өлүмдөн катуу, сөзүң өлгөнчө өзүң өл, уят, абийир бир эле берилет, аны сатып ала албайсың“ ж.б аруу түшүнүктөр кыргыздын ынтымак биримдигин, Ак мөңгүлүү Ала-Тоодой көктү тиреген Хан-Теңир чокусундай бийиктикке жеткизген!

– Бийликтен кеткен беш президент бири-бирин кечиришип, бир дасторкондон тамактанса эле кыргыз элинде ынтымак менен биримдик орноп калабы? 

– Адилет, калыстыкты ыйык тутуп, тайманбай чындыкты бетке айткан кыргызда жүйөөлүү суроо туулуп жатпайбы:
Отуз жыл бою бийликтин эки тизгин бир чылбырын мыкчып кармаган беш президент бийликти каалагандай калчап, жүрүп жасабаган ишти эми элинен качып, алыста жүргөндө жасай алабы? – деген. Бул элдин пикири. 

Жыйынтыктап бир сөз менен айтканда кыргыз эли ынтымак биримдикте жашап, өзүн-өзү ал тургай бийликти дагы багып келе жатат. Алар тууралуу жаза турган болсок, кемчилдиги менен катачылыктары өтө көп, айткан менен пайда жок айланын жоктугунан калайыкты ынтымакка чакыралы. Тарыхы сансыз китеп болгон кыргыз эли биримдигин сактасын деген гана тилек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости