www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү коомдук ишмер жана саясатчы Дастан Сарыгулов кыргызда үй-бүлө куруу, жаштардын башын кошуу жөрөлгөлөрү кандай болгону тууралуу берген маегинин урунтуу учурларын окурмандарга сунуштайбыз.

Бул жөрөлгөлөр кыргыз дүйнөтаанымындагы аялзаттын бийик оордуна шайкеш болгон. Муну Кыз Сайкал, Каныкей, Жаңыл Мырза, Курманжан датка апаларыбыздын тарыхы тастыктап турат.

Бабаларыбыз байыркы доордо эле кан аралашуу жаман болоорун билип, жети муун өтмөйүн кыз алып, кыз берген эмес экен. Ошол үчүн жети атасын билбеген жигитке эч ким кызын берчү эмес (кан аралашып, майып же акылы кем бала төрөлүп калбасын, - деп). Үй-бүлө курууга кыргыз чоң жоопкерчилик мамиле кылганын тарыхтан көрсөк болот. Эки тарап тең «тукум бузулбасын, начар болбосун» деп, келечекти ойлоп, уулуна эл кыдырып, кыз издеп, кыздын атасы баланын тек жайын сурап, атасы, чоң атасы ким, кандай адамдар эле, - деп, кызыгып, макулдугун берип же берчү эмес экен.

«Жаман уул – уйгак, жаман кыз – кыроо» (күн чыкса кыроо кетет, кутуласың деген мааниде). «Урук болуп, тукум болбой калыптыр», «Жаман келин – айыкпаган дарт», «Кыздын сөөгү талаада калат», «Дарак бир жерден көгөрөт» (эки которсоң соолуп калат деген мааниде) ж.б. макалдар кыргыз генетика илими пайда боло электен кыйла мурун эле улут сапатына кам көргөнүн ырастайт.

Автор, Дастан Сарыгулов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости