www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шамен ошол мезгилдин акыл көрөңгөсү жети акенин бири Тилекмат менен бир жагынан атаандаш болсо, бир жагынан колдоп турган. Кыздын себи менен келген адигине Жылкыайдардын уулу Тилекмат бугу элинин ишеничтүү адамына айланып, эл жүгүн аркалап, көбүнчө үйүнө байыр албай калат. Тилекматтын үчүнчү аялы Шамендин жакын карындашы Кенжеке Тилекматтан күмөн санап, анын бул эмне кылганы, бала–чакам бар дебей талаалап кеткени эмнеси деп, аны менен ажырашууга төркүндөрүнө таянып, ишин чоң топко салат. Кенжекенин төркүндөрү сарбагыштын мыктылары болсо керек, анын үстүндө Тилекмат да бугу элинде бычакка саптуу адамдардан. Бул топту сарбагыштын мыктысы Шамен жетектейт. Ал Тилекматка карап:
- Баатыр, бул эмне кылганың. Шаар бузулганы жатса, “Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас” - дегенди унуттуңбу? - деп кеп-кеңешин айтат.
Анда Тилекмат:
- Шамен баатыр, бугу элине эмес, казакка, сартка , солто, сарбагышка кадырым өтүп жатса, анан үйүмдө бир катыныма баркым жокпу? –дейт.
- Тилекмат баатыр ырас, сен оңго, солго таанылдың. Ал башка кеп, сен катындын күчү тилинде экенин билбейсиңби? Аял тили менен үй башкарат, сага окшогондор акылы менен эл башкарат. Ушунча элге баш көз болуп туруп, Кенжеке карындашымдын ички датын туя элексиңби? Үй –бүлөгө да назар сал, мээримиңди төк. Үй –бүлөнүн да түйшүгү оңойго турбайт. Өңүңдү көргөн тууганга, этиңди көргөн жубайга сөз өтпөйт. Ажырашам деп ойлоп калган экенсиңер, кой антпегиле, аялга өчөшүп бир жаңылып жатасың. Кенжеке карындашым отурган кыз ордун табат. Эрди –катын эгиз эмеспи. Тилекмат баатыр эл жүгүн тартып жүрүп келгенде капа кылбай жүр. “Эр кызганган катындан түңүл, эл бузган ушакчыдан түңүл” –деген макал бар. Сен карындашым, Тилекмат баатырдан баар табасың. Карындашым, сенден эл башкарган уулдар чыгат.” -дептир.
Шамендин айтканы айткандай келип, Тилекмат баатыр Кенжекеден сегиз уулдуу болот. Алардын ичинен Чыныбай мыкты чыгып, орус империясы келип, болуштукка бөлгөндө бугулар ага бийлик, даамдуу жилик карматпай койгондо, бугу эмес дөөлөс, мундуз, саруу жана башкалардын башын бириктирип, бир болуштукка топтоп, болуш болгон. Андан бүткүл Көл өрөөнүн жетектеген ойоздун катчысы катары Көл өрөөнүнүн болуштарын бүт тескеп, кыргыз элине даңазасы чыккан.
Шамен Тилекматтын уулу Чыныбай менен да замандаш болгон. Чыныбайдын Шаменге болгон кусаматы кайдан калды эле? Бул атадан калган өч болгон. Тээ илгерки заманда бугунун мыктысы Бирназар бий чериктерден келин алат. Ал мезгилде колунан мансабы ийилип турган чынжырлуу манаптар кыздын себине, ага жан-дили менен оокат кылган кулду кошуп берүү адаты болгон. Бирназар бийдин келининин себине Жылкыайдар келет. Санжыраны сүрүштүргөндөр Жылкыайдарды Түштүктөн качып, черикке келген Адигине деп айтышат, ким билет. Жылкыайдар өзү кулдук доорду сүргөнү менен уулу Тилекмат жаактууга сөз бербеген чечен чыгат. Ормон керээзин айтып жатканда Шаменди кундун наркын бычсын деп, эгер бугу сөзгө келбесе Төрөгелдиге көлдү үч айлансын деген экен. Ошондуктан, Шамен Ормондун кунуна үч шартты айтып бугуга жөнөтөт. Шамендин айтканы боюнча бугу эли төмөнкү шарттардын бирине макул болушу керек эле:
1.Ормондун куну үчүн бугу эли жети баатырын берсин, жетөөнүн тең башын алабыз.
2. Же бугу эли мекени Ысык-Көлдү берип, өздөрү журт которуп көчүп кетсин.
3. Жүз кызын берсин, сарбагыштар келин кылып алабыз.
Бугу эли ушул шарттардын бирине макул болот, менимче үчүнчү шартка макул болсо керек, кантип жети баатырын берсин же мекенин таштап көчүп кетсин, жүз кызын берип сарбагыштар менен кудалашмак болгондур. Ушул шартка макул болуп бугу эли Тилекматты баш кылып кишилерин жиберет. Тилекматтын келишин Шамен баш болгон сарбагыштар жактырган эмес. Ошондуктан, Шамен түз эле айткан: «Хан Ормонду өлтүрүп бир жамандык жасадыңар, эми кулду баш кылып киши жиберип, ошого тете жамандык жасаган жатасыңарбы?» - деп ачык чыккан. Бул сөздү уккан Тилекмат катуу сынып калат. Негизи, Шамен Ормондун кунун тынчтык жолу менен чечкиси келген. Бирок, убакыт өтүп кетип, анын үстүнө Шамен бугунун мыктылары менен кеңешип алыптыр деген кеп тарап Төрөгелди, Үмөталылар бугуга каршы кол баштап, аларды Текестен ары сүрүп, көлдү үч жолу айланып жиберишкен. Бугу элин Тилекмат казактарга, орустарга барып жүрүп сактап калган.
Кийин Тилекматтын баласы Чыныбайга бугу эли кулдун тукуму деп болуштукту бербей коюшат. Чыныбай бугудагы сарт калмак, дунган элдеринин саркындыларын жана саруу, мундуз, дөөлөс жана башка бугу эмес уурулардын башын бириктирип өзүнчө болуштук түзүп, болуш болуп калат. Жөн болуш болбой Көлдөгү бардык болуштуктарга баш-көз болуп, Көтмалдыда топту башкарган. Ошол мезгилде Шамендин тың чыккан балдарынын көзү өтүп, ак сакалдуу Шамен топко барып катышат. Ал Чыныбайдын атасы Тилекмат менен бир курдаш болгондуктан Чыныбайга «Чыныбай балам» деп кайрылат. Чыныбай да учурунда атасы Тилекматты Шамендин сөзгө калтырганын эстеп, Шаменди сөзгө жыга албай турган учуру экен. Шаменге карап: «Чыныбай балам эле дейсиз, мендей баласы бар аксакалдар, тайталактап топко келип, ар ким менен сөз талашып - тартышпай, үйүнүн төрүндө сый көрүп отурушат» - дейт. Шамен таш менен төбөгө чапкандай болуп отуруп калат, кетип баратып санын бир мыкчып алат.
Дагы убакыт өтүп, Чыныбай жалпы көлдүктөрдүн кадыр-барктуу адамына айланат. Столыпиндин жер реформасына таянып Бугунун Тынымсейитин Нарын тарапка оодарып, өзүнчө бир болуштук түзөт. Анан алардын ал-ахыбалын билип турганы көлдүн мыктылары каттап турат. Чыныбай жигиттери менен Тынымсейитке баратып, Долон ашуусунун алдынан Сары-Булакты жайлаган Шаменге учурашып өтүүгө кайрылат. Шамен кыргыздын каадасы менен «эки энеге тел кулун» болгон семиз тайды союп, таңдайды такылдаткан ширин эт келгенде Чыныбай болуш жибип кетип: «Шамен баатыр, бугу менен сарбагыш бир тууган, бугу тараптан Алсейиттин бир тууганы Тынымсейиттин тукумун Нарынга сизге жакын көчүрүп келип койдук. Ары-бери бастырганда туугандарыңызга барып, акыл-насаат, кеп кеңештериңизди айтып турбайбызбы?» - деп калат. Шамен обдулуп: «Чыныбай жолоочу жолоочулап кетип баратып Шаменди Тынымсейит туугандарына барып акыл-насаат, кеп- кеңештерин айтып турсун деген деп, мен Тынымсейиттерге барып акыл-насаат, кеп- кеңештерди айта турган алым жок. Мен төргө сый көрүп отуруп калбадымбы» - деп Чыныбайды чымчып өтөт. Чыныбай жигиттери менен кетип баратып: «Аа, чал акыры алды өчүн» -деп сөзгө сынганын билдирген экен. Илгери азыркыдай кайым-айтыш кайда, манаптар бири-бирин бир ооз нускалуу сөз айтып жайлап коюшкан экен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ