www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүн иштетүү, кездеме токуу тармактарда да кыргыз дүйнө элдердин алдыңкы катарында болчу. Мындай пикирин коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

"Маселен, үч күн нөшөрлөп жааган жамгырды кыргыз боз үйлөрүнүн кийизи гана өткөрбөйт. Ала кийиз, шырдактын түстүү оюмдары 30-40 жыл өтсө да өңү өчпөгөнүн бүгүн да жолуктурсак болот.

Суу өтпөгөн жеңил чепкендерди, кымкапты бала кезибизде көрүп калдык. Бул билимди бүгүн жоготуп баратабыз...

Жыгач иштетүүнү айтып олтурсак, бул өзүнчө узун сөз. Түркүн идиш-аяк, кашык, чөмүч, саадак, буюм саптары жеңил, кооз, оюм-чийимдери менен көрктөлгөн катардагы көрүнүш эле. Жыгач сырын билүү – бул дагы оңой билим эмес!

Ал эми курал, зоот, чопкут жөнүндө сөздү баштабай эле койсок болот. Буга арналган көптөгөн илимий китептер, тарыхый баяндар бар, алардан жетиштүү маалымат алса болот.

Кыргыз ок жылдыздын болотунан (метеоритная сталь) жасаган курал кериктин (носорог) терисин оңой эле кесип өткөнү кытай тарых булактарында баяндалат", - деди Дастан Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости