www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБ органдарында 2022-жыл Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын астында өттү. Бардык өлкөлөр төрагалык кылуу жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешти.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 4,5 млрд АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32 пайызга өстү. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев ЭКМнин коллегиясынын жыйынында билдирди.

Төрагалык кылуунун алкагында бир катар масштабдуу иш-чаралар өткөрүлдү:

Евразия экономикалык форуму;

“Келечек” жаштар форуму;

Инвестициялык саммит;

Илимий-практикалык конференция.

Өткөн жылы Түркия, Индия, Корея, Өзбекстан, Казакстан, Россия Федерациясы жана башкалар сыяктуу стратегиялык өлкөлөр менен өкмөттөр аралык комиссиялардын 13 жыйыны өткөрүлдү.

Казакстандын Президентинин иш сапарынын алкагында 13 документке кол коюлду. Атап айтканда, Карасуу жана Ак- Тилек автожол постторунун аймагындагы өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасын инвестициялоо боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

Өзбекстандын Президентинин иш-сапары учурунда Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга стратегиялык соода-экономикалык өнөктөштүк программасы кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости