www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кече, 6-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊештин депутаттары Нарын облусундагы иш-сапардын алкагында Ак-Талаа районунун борбору Баетов айыл аймагынын 90 жылдыгына арналган салтанатка катышты деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Төрага Дастанбек Жумабеков Баетов облустагы өнүккөн айылдардын бири экенин белгилеп: "Биз ушундай жерди жана улуу тарыхты калтырганы үчүн бабаларыбызга ыраазычылык билдиришибиз керек. Жети ай мурун мен силердин айылда иш сапар менен болуп, аймакка тиешелүү бардык маселелер боюнча кеӊири баарлашканбыз. Ошол жолугушууда мен силердин депутатыңар болууга даяр экенимди жана көйгөйлөрүӊөрдү чечүүгө көмөктөшөрүмдү убада кылгам. Мага силердин айыл өтө жакын. Ага ылайык, 90 жылдык маареке мен үчүн да маанилүү" - деди. Ошондой эле Төрага 2018-жыл-Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салып, андыктан алыскы айылдардын өнүгүшүнө өзгөчө көӊүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Майрамдык иш-чаранын алкагында келгендерге театралдык программа тартууланып, айрым жергиликтүү тургундарга ишиндеги жетишкендиктери үчүн Жогорку Кеӊештин Ардак грамотасы жана энчилүү сааты ыйгарылды. Алсак, Нарынбек Керимкулов, Эркинбек Осмонов, Мурадил Сыдыков жана Талантбек Турусбеков Ардак грамота менен сыйланса,  Рыспек Шыгаев жана Анархан Таштанкуловага энчилүү саат тапшырылды. Ошондой эле, Дастанбек Жумабеков Төраганын жеке фондунан райондогу мектептерге керектүү жабдууларды алуу үчүн 200 миӊ сом берди.  

Мындан сырткары, парламенттик делегация 90-жылдыктын алкагында Баетов айылынын борборунда курулган сейил бактын ачылышына катышты.

Кошумчалай кетсек, Төрага Дастанбек Жумабековдун Нарын облусундагы иш-сапарын Жогорку Кеӊештин депутаттары Камчыбек Жолдошбаев, Алтынбек Жунус уулу, Алмазбек Баатырбеков, Жыргалбек Турускулов, Автандил Кулбараков жана Абдыбек Дюшалиев коштоп жүрөт.         

Булак: NazarNews.kg

Последние новости