www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) 8-отурумуна катышуу үчүн Түркия Республикасынын Измир шаарына барды.
Бүгүн, 20-ноябрда Ассамблеянын 8-отуруму, ТүркПАнын 10 жылдыгына арналган конференция жана бир катар жогорку деӊгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар өтөт. Ал эми 21-ноябрда ТүркПАнын 8-пленардык жыйыны болот.
Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Калдарбек Баймуратов, Абылкайыр Узакбаев, Садык Шер-Нияз жана Искендер Матраимов бар деп жазат Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg