www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Талас шаарындагы Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинде уюштурулган мааракелик салтанатка катышууда.

Маарекелик иш-чаралардын алкагында  келгендерге "Чыӊгыз ааламы көркөм сүрөт өнөрүндө" аталышындагы көргөзмө уюштурулуп, жазуучунун чыгармалары боюнча түзүлгөн композиция тартууланды.

Андан соӊ, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар жана башка салтанаттын катышуучулары "Манас Ордо" комплексинде болуп, бабалардын арбагына багыштап куран түшүрүштү. Ошондой эле комплекстеги Ардактуу коноктор аллеясына арча көчөтүн отургузуу иш-чарасына катышты.

Кошумчалай кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары Талас шаарында иш-сапар менен болуп, Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган маарекелик иш-чараларга катышууда. Эске салсак, мындан мурун ушундай эле салтанат Ош шаарында да өткөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости