www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясынын ички аудит бөлүмү “Дельфин” сууда сүзүү, заманбап беш таймаш, фехтование жана триатлон боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби муниципалдык мекемесинде аудит жүргүздү.
Аудиттин жүрүшүндө бухгалтердик эсеп жана отчеттук, архивдөө жана ички көзөмөл жаатында каржылык тартип бузуулар жана Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарынын сакталбагандыгы аныкталды.
Каржылык укук бузуулардын жалпы суммасы 8 880 600 сомду түздү. Мындан тышкары, аудиттин жүрүшүндө шаардын бюджетине 414 500 сом кайтарылды.
Аудит материалдары юридикалык кароо үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына берилди.
Бишкек шаардык мэриясы өзүнүн карамагындагы жана райондук бөлүмдөрүндө жана мекемелеринде, ошондой эле муниципалдык ишканаларда ички көзөмөлдү күчөтүү жана тобокелдиктерди жана коррупцияны алдын алуу боюнча тынымсыз иштеп жатат.