www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13 жашар кызды зордуктаган “милиционерлер” жана башка кылмышкерлер эң катаал жазага тартылышы керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналына жазды.
Анын айтымында, баланы коргоого тийиш болгон жашы жете электердин иштери боюнча инспектор өзгөчө катаал жазага тартылышы керек. Эл өкүлү мындай окуядан кийин бардык жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун кесипкөйлүгүн, психологиялык абалын текшерип, ишин талдоо зарыл деп эсептейт.
«Биз, депутаттар, жашы жете элек кызды зордуктоо үчүн эң катаал жоопкерчиликти белгиледик, кылмыш жоопкерчилигинен качуу мүмкүнчүлүгүн алып салдык. Андай кылмышкерлер кечирим алып, мунапыс менен эркиндикке чыга алышпайт. Биз бул мыйзам долбоорун 30-июнда кабыл алып, азыр президентке жөнөтүлдү.
Өз кезегинде министрлер кабинети мектептерде зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча сабактарды киргизүүгө, анда «зордук-зомбулук деген эмне экенин, анын кесепеттерин, аны менен кантип күрөшүү керектигин, кимге маалымдоо керектигин, эң негизгиси зомбулук болсо кантип чогуу жардам берсне болот» деген сабактарын киргизүүгө милдеттүү», — деп жазган Дастан Бекешев.
Эске салсак, алгач социалдык тармактарда 13 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу маалымат тараган. Андан соң бул кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана бир жаран кармалган. Жабырлануучунун атасы мамлекеттик психолог кызына эч кандай жардам бербегенин, ага мугалимдер кысым көрсөтүп жатканын айткан.
Булак: NazarNews.kg