www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күнү Кыргызстанда, өздөрүнүн балдарына алимент төлөөдөн качкан 40 миңден ашуун ата – эне бар. Муну ЖКнын депутат айымы Айсулуу Мамашева иликтеп чыгыптыр, Аны ал бүгүнкү парламенттин жыйынында айтты.
-Өзүңүз элестетиңиз, баскан турганың акча болсо, ушул бала бакчадан баштап ЖОЖго чейин акча, ден соолук акча. Ошон үчүн ата-энелерди чакырат элем, алименттерди өз убагында төлөгөнгө аракет кылыңыздар, суранам – деп тутанып дагы жиберди.
Ойлоп көрсөң, түпкү маңызында жакшы эле айтылган сөз. Таңгөрү колдон келсе үй-бүлө ажырашпай эле койсо деңизчи. Карганын бүлөсү болсо дагы бирге болсун. Эми ажырашкандардын дагы ар түрдүү себеби болот эмеспи. Алардын эң эле басымдуусу, жумушсуздуктун айынан үй-бүлөлөр социалдык-экономикалык жактан чабал болуп, турмуш-тиричилик күн санап начарлап жаткандыгынан кабары бар болду бекен депутат айымда. Бул жагын дагы иликтеп көрсө болмок экен.
Албетте, муну менен “күкүктөргө” жан тартканыбыз жок. Болгону балдар жетим калбашы үчүн түгөйлөр, жарандардын турмуш-тиричилигин жакшы нукка өзгөртүүгө шарттар түзүлүп берилсе деген эле оюбуз.
Булак: NazarNews.kg