www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун андан качып жүргөнүн айтты.

Эл өкүлү милицияда иштеп кеткен пенсионерлер, жетим-жесирлер, майып болуп калгандар биринчи кезекте турганына карабай Мамлекеттик ипотекалык компаниядан (МИК) турак жай ала албай жатканын билдирди.

"Ички иштер министринен "эмне себептен алар жаңы салынган 216 батирден турган үйдөн ала албай жатышат?" деп сурадым эле. Себеби алар биринчи кезекке турушу керек. Орун басары Адылбек Бийбосунов кат түрүндө жооп бериптир, бирок ичинде эч кандай түшүндүрмө жок. "Өкмөт кандай токтом берсе ошону аткарабыз, анда пенсионерлер, жетим-жесирлер, майыптар боюнча жок. Ошондуктан алардын тизмесин МИКке бере албайбыз" деп жатат. Ушинтип өкмөттүн мүчөлөрүн күнөөлөп жооп беришиптир. Муну ИИМ чече албаса, анда өкмөт чечип берсин. Убагында кызматын пайдаландык, эми кереги жок болуп калдыбы алар?" — деди Айдарова.

Депутаттын айтымында, Бийбосунов пенсионерлер, эл өкүлүнүн жардамчысы барса да кабыл албай ар кандай шылтоолор менен качып жүрөт.

"Ушул жерде сүйлөөгө мажбур болуп жатам. Мага келсин, тиштебейбиз, отуруп чечишип алалы дегенге карабай качып жүрөт. Мейли, кача берсин, бирок бул менин көйгөйүм эмес да, ошону түшүнбөй жатат. Адылбек Качкынбекович, азыр мени көрүп жатсаңыз, пенсионерлерди кабыл алыңыз же мага келип түшүндүрүп бериңиз. Качпаңыз, булар биздин ардагерлер, сый-урмат менен узатышыбыз керек", — деди депутат.

Андан соң Айдарова президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул маселе боюнча өкмөттүн тийтиштүү кызматтарына тапшырма беришин суранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости