www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургундары Түркиянын элчилигине жылуу кийим, жууркан-төшөк жана ар кандай биринчи жардамга керектүү буюмдарды алып барууда.

Эскерте кетсек, Түркияда болгон жер титирөөнүн натыйжасында каза болгондордун саны 12 миң 391ге, жаракат алгандардын саны 62 миң 914кө жетти. Бул тууралуу Түркия өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдар департаменти (AFAD) билдирди.

Жер титирөөдөн улам өлкөдө 6 миңден ашуун курулуш кыйраганы белгиленген. Ошондой эле Түркиянын түштүк аймактарында 13 миллиондон ашык адам жабыркаган.

Маалым ирээтинде: үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахрамонмараш аймагында күчү 7,9 (алдын ала маалыматтар боюнча 7,4) баллга жеткен жер титирөө болгон.

Андан кийин Түркиянын 10 аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланып, өлкөдө 7 күндүк аза күтүү жарыяланды. Издөө-куткаруу иштери башталгандан бери Өзбекстандын Өрт-куткаруу кызматынын куткаруучулары урандылардын астынан 11 жаракат алып, 33 каза болгон адамды чыгарышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости