www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден өзүн террорист катары тарыхка жазды. Бул тууралуу 9-февралда Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин өзүнүн Telegram-каналына билдирди.

Володин АКШ президенти конгресстеги сөзүндө Америка эли дүйнөгө жол көрсөтүүчү жарык болот деп айтканын эске салды.

«Бул үчүнчү рейхтин лидерлеринин билдирүүлөрүн эске салат. Эксклюзивдүүлүк идеологиясы эмнеге алып келерин бүгүн Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херштин Байдендин Түндүк Агымды бузууга катыштыгы боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын окуудан көрүүгө болот», - дейт Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы.

Володиндин айтымында, АКШ президентинин көрсөтмөсү боюнча америкалык суучулдар НАТОнун машыгуусуна жамынып, Норвегиянын аскер-деңиз флотунун колдоосу менен Балтика деңизиндеги газ түтүктөрүнүн жанына алыстан башкарылуучу жардыргыч түзүлүштөрдү орнотуп, андан соң жардырышкан.

«Эгер Трумэн Хиросима менен Нагасакиде жарандарга каршы өзөктүк курал колдонгон кылмышкер болуп калса, Байден өзүнүн стратегиялык өнөктөштөрү болгон Германиянын, Франциянын жана Нидерландиянын энергетикалык инфраструктурасын жок кылууга буйрук берген террорист болуп калды», - деп белгиледи ал.

Володиндин айтымында, бул өз жарандарынын кызыкчылыгына таянып экономиканы өнүктүрүүнү чечкен анын вассалдарын коркутуу аракети болгон.

Жарыяланган фактылар эл аралык иликтөөгө, Байденди жана анын шериктерин куугунтуктоого, ошондой эле теракттан жапа чеккен өлкөлөргө компенсация төлөп берүүгө негиз болушу керек, деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости