www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ала-Арча" жаратылыш паркына кирүү автобус үчүн 2000 сом. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда депутат Руслан Жакышев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мага Бишкек шаарынын тургундары кайрылып жатышат. Мына Ала-Арча паркыбыз бар. Аталган паркка шаардыктар күндүн ысыгынан качып, барып эс алышат. Ал жакка кирүү жеңил унаага 500 сом, кичиавтобуска 1000 сом, автобуска болсо 2000 сомду түзөт экен. Анысы аз келгенсип, бир жакшыраак жерге отурайын десең баары ижарага берилет экен. Боз үй, топчан ж.б. Бүт баары коммерциялык болуп калыптыр деп шаар тургундары нааразы болуп жатышат. Мындай нук менен кете турган болсо, "Ала-Арча" паркы эртең бизнес борбор болуп калат. Биз шаардыктар кайда барып эс алабыз дешүүдө. Ошондуктан ушул маселе боюнча прокотоколдук тапшырма берилип, эмне себептен ал жак бизнеске айланып кеткенин билип, көзөмөлгө алуу керек", - дейт депутат.

Последние новости