www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын президенти Эммануэль Макрон америкалык кесиптеши Жо Байденге Перс булуңундагы мамлекеттердин мунай казуунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди. Лидерлердин бейформал баарлашуусунун видеожазылмасын The New York Post гезити жарыялады.
Макрон менен Байден Германияда өтүп жаткан G7 саммитинин алкагында сүйлөшкөн.
"Мен МБЗ (БАЭ президенти Мухаммед бен Заид — ред.) менен сүйлөштүм... Ал мага эки нерсени айтты. Биринчиси: мен (ал) максимумдамын (өндүрүш кубаты — ред.) деди. Экинчиси: МБЗдин айтымында, сауддар көлөмдү бир аз гана көбөйтө алат, мисалы 150гө (суткасына миң баррель — ред.). Аларда чоң кубаттуулук жок", — деп айткан Макрон.
G7 саммити Бавариядагы Эльмау сепилинде өтүп жатат. Жекшемби күнү башталган жолугушуу шейшемби күнү соңуна чыгат. Иш-чарага конок катары Индия, Индонезия, Түштүк Африка Республикасы, Сенегал жана Аргентинанын лидерлери катышты.
Булак: NazarNews.kg