www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Бишкектеги ыштын негизги беш себебин атап өттү

Жогорку Кеңеш Бишкектин абасынын булганышын азайтуу чаралары тууралуу токтомду сунуштады.

Парламенттин жыйынында аталган маселе талкууланып, токтомдун мазмуну менен депутат Марлен Маматалиев тааныштырды.

Эл өкүлү алгач абанын булганышынын негизги беш себебин атап өттү. Жылуулук борборунда бышпаган сапатсыз көмүр жагылышынан, катализатору жок унаалар, Бишкектин тегерегиндеги конуштар газдаштырылбаганы жана шамалдын багытынын өзгөрүшүнөн аба булганууда.

“Кыргызгазды" 1 долларга сатып жатканда алар 47 кошунтуш баарын газдаштырабыз деп милдеттеме алган. Бүгүн алардан сурасак, бир кыйла конуштарга газ киргизилгени менен керектөөчүлөр көгүлтүр от колдонбой койду деп жүйө келтирип жатат. Чынында, үйгө газ киргизип, газ мешин коюуга 100 миң сомго чукул акча коротулат экен. Андыктан элге жардам кылуу үчүн “Газпром”-банктар-керектөөчүлөр болуп, 3 тараптуу макулдашуу түзгүлө деп сунуш-тапшырма берип жатабыз”, - деди депутат Марлен Маматалиев.

Ал эми таштанды талаасы боюнча чекит коюу керек деп кошумчалады депутат. “Кайра иштетүү боюнча айтып эле келе жатабыз, эми чекит коелу. Бир мөөнөттү коелу, кылса кылсын, кылбаса жооп беришсин. Конкреттүү сунуш тапшырма бербесек болбой калды”, - деп белгиледи баяндамачы.

Ошондой эле, ткотомдо шамалдын багытын бузуп жаткан шаардагы курулушту да мындан ары катуу көзөмөл кылуу зарылдыгы белгиленди.

Учурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости