www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова ачкачылык жарыялагандар менен жолукту. Бул тууралуу маалыматты Абдрахматова Фейсбук баракчасына жарыялады.

"Арызын жазып ачкачылык жарыялагандар менен жолуктук. Элге айтып кой дегендери: “Чындык жеңет, биз мекенибиздин, элибиздин алдында акпыз. Аягына чейин ачкачылык кармайбыз”, - дешти деди Акыйкатчы.

Акыйкатчынын айтымында, расмий 9 адам арыз бергени менен, 4 кишиден сырткары баары ачкачылык кармоодо деп маалымат беришкен.

Мындан сырткары, М. Абыловдун, А. Сасыкбаеванын ден соолугу жакшы эмес экенин билдиришти.

Ал эми Акыйкатчынын айтымында, камактагы мырзалардын талабы: “айымдарды бошоткула. Бошотмойун ачкачылык кармайбыз”, - дешүүдө дейт.

Белгилей кетсек, ачкачылык жарыялагандар: Кеңешбек Дүйшөбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов, президенттин Талас облусундагы мурдагы өкүлү Айбек Бузурманкулов, Улукбек Маматаев, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаев, активисттер Али Шабданов, Тажикалаи Мадеминов, Чыңгыз Капаров жана Марат Баязов, блогерлер Атай Бейшенбек жана Эрлан Бекчороев, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова, активисттер Перизат Суранова, Рита Карасартова, журналист Айданбек Акматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости