www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фараондор кулдарына желдеткич карматса, «кулдарына» кол чатыр карматкан Таалай баатыр деген бар. Айткандай, чын эле 1995-жылы Ош техникумун аяктаганы тууралуу диплому жасалма экени ыраспы бир кудай билет. «Тегин жерден өрт чыкпайт» эмеспи. Жөн эле кишинин диплому жасалма экен деп ким айтсын. Диплому жасалма экенинен жалтактап бийликке күнкор болуп да бүттү. Журналисттерге «дипломум айылда калып калыптыр» деп жаш баланын шылтоосун айткан жоругун эстегенде кызарабайт да бозоробойт. Сын айтканга жарабаган балык депутаттарга боло береби ким билсин?

Бишкек шаарынын мэрин көздөп учурунда Ош облусунун губернатору, Ош шаарынын мэри болуп, «кулдарына» «зонтик» көтөртүп тикесинен-тик тургузуп койчу Таалай Сарыбашов келген. Сарыбашов да дурус үч күн кан-жинин аябай дүкүлдөп иштеп берди. Эрмек Нургазиев 2021 жылы эртең менен мэр болуп иштеп, эл куттуктап келе баштады эле, кечке маал мэрден түшүп калган: 

«Тууганы эле болбосо,

Тумшукка койчу адам»-деп.

Камчысын турган үйүрүп,

«Катынды дайым сабайм» -деп.

 

Аял жакка жооп билет,

Кызыл камчы, сок билек.

Отуруп жатып, отурбай,

Ордунан кеткен котурдай.

Көрсө бул жигит аялды көрсө эле тарсылдатып сабайм деп жулунган жигит экен.

Бишкекке келе элек жатып элдин башын айлантуу үчүн Бишкек мэриясын иштеген уулун башка кызматка которгон. Балким диплому жалган экенин бийлик тарап шекшип калгандыр, мунун куйругун тез эле тазалады. Борбор калаанын «Ала-Тоо» аянтында Олимпиада оюндарына катышып жаткан балбандардын беттешин түз эфирде көрсөтүп ал кездеги биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди ээрчитип барып элге жагыш үчүн көрүмүш болгон. Ал эми Бишкек мэрин алам деп антаңдап жүргөн Бакыт Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалган.

Кезинде Икрам Илмияновдун ити чөп жеп турганда, этегине намаз окуп жүрүп Ош облусунун губернатору, кийин Ош шаарынын мэри болуп, жалаң пиар менен өзүн чарбачыл аткаминер катары тааныткан Таалайбек Сарыбашев оңой куйтуңдардан эмес. Ош шаарынын мэринен кетип, Бишкекке мэр болуп келип, үч күнгө жетпей ишин таштай качкан. Себебин Жогорку Кеңешке шайлоого бара турганы менен түшүндүргөн. Учурда «Ата-Журт» фракциясынын депутаты. Мына ушул пиарчы депутаттан бир жылдан бери дайын жок. Эл өңүн унутуп калды көрүнөт. Жогорку Кеӊештин депутаты болгондон бери лам деп ооз ачкан жок. Бул аралыкта коомду тынчсыздандырган бир катар актуалдуу окуялар орун алды. Казино мыйзамы, Кемпир-Абад маселеси, Баткендеги чек ара көйгөйү...

Таалай мырзанын карааны көрүнбөйт. Же мыйзам жазганы билинбейт, же элдин көйгөйүн көтөрүп сөз сүйлөгөнүн көрбөйбүз. Мындан улам, кургурдун жасалма пиар жасаган доору бүткөн тура деген ойго келдик. Дегенибиз, мыйзам жазганга, олуттуу маселе көтөргөнгө билим, анан мээ керек экенине мээси жетти бекен деп биз сарысанаабыз. Ырасында, бизнесин коргоп, кирип-чыгып айлык алып мандатты кор кылбай, иштей турган бирөөгө өткөрүп берсе болмок. Ансыз да депутат болоордо, Ошко мэр болоордо дагы диплому жасалма деген шек жаралып, тилекке каршы, токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет болуп, бийликтин арыгын чапкан амалкөйлүгүнөн улам суудан кургак чыкты эле.

Баса, Орусиянын жараны экендиги боюнча дагы чоӊ чуу чыкты эле? Кызыгы ал жакта таксист болуп жүргөндө, кайран шоопур Икрам Илмияновдун кудурети менен "шоопур шопурду алыстан тааныйт" болуп, мамлекеттик маанилүү чиновник болуп чыга келгенин моюнга алат бекен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости