www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бишкекте ботаникалык бактан Казакстандын жаранынын 40 миң долларын тоноп кетишкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 10-декабрда Октябрь райондук милициясына Казакстансдын жараны арыз менен кайрылып, 7-декабрда саат 15:00дөр чамасында белгисиз жарандар ага тапанча менен кол салып, жанындагы 40 миң долларын тоноп кетишкенин айткан.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен каттоого алынган.

Кол салууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1993-жылы туулган И.И., 1991-жылы туулган Б.Б. жана 1996-жылы туулган Т.У.лар кармалып, 2 айга камакка алынды.

Шектүүлөрдүн биринин жашаган жерин тинтүүгө алганда 5,5 миң доллар, "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча ок-дарылары менен табылып, экспертиза дайындалган.

"Кылмышкерлердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (550) 102-607 же 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости