www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде мыкты кадрлар бар, бирок аларды иштете албай жатабыз. Мындай пикирин депутат Ырысбек Атажанов бүгүн, 28-апрелде ЖКнын “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

"Блогерлер, чала сабат журналисттер, мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоол болгон жарандарыбыз кадрларды иштетпей жатат. Алардын ишин видеого тартып, социалдык тармактарга чыгарып, ишине тоскоол болушууда. Биз соцтармактар менен жашап калдык. 

Мамлекеттик мекемеде иштеген, айыл өкмөтү, акимдер, мэрлер болобу, аларды иштете албай жатабыз. Биз тескерсинче аларга колдоо көрсөтүп, иштетишибиз керек. Бир видеосу жайылып кетсе эле аларды жумуш ордунан четтепей", - деди депутат.

Эл өкүлүнүнү сынына өкмөт башчы Акылбек Жапаров кошулаарын билдирди.

"Абдан туура, биз социалдык тармактардагы видеолорго көңүл бура баштаганда, алар мурункудан да катуу от алып жатышат. Бирок, ар бир кадрыбызды коргогонго даярбыз. Фактылары жок, жөн гана жалаа жапкан болсо, биз сотко берип, кадрларыбызды сот аркылуу да коргоого даярбыз", - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости