www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын экс-президенти Дональд Трамп азыркы мамлекет башчы Жозеф Байдендин адашканын, баскан-турганын, сүйлөгөнүн туурап, келеке кылган. Мындай видеону Sputnik Ближнее зарубежье жарыялады.
Буга чейин Байден 2024-жылы боло турган президенттик шайлоого катышарын расмий жар салган. Ал эми Трамп мындай ниетин 2022-жылдын ноябрь айында эле билдирген.
"Эмне? Шайтан алгырдыкы, кайда баратам? Чыгып эле кетким келип жатат", — деп анын кыймыл-аракетин, басканын туураган Трампты публика кол чаап, каткырып коштогон.
АКШда келерки жылы шайлоо өтүп жаткан учурда Байден 82де, ал эми Трамп 78 жашта болот.
Эске салсак, Байден АКШнын эң улгайган президенти. Анын ыңгайсыздыкты жараткан же күлкүлүү кырдаалга кабылган учурлары акыркы мезгилдери арбыды. Байдендин атаандаштары мындай нерселердин себеби карылык жана ден соолугунун соо эместиги деп айтып келишет.
Булак: NazarNews.kg