www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Депутат:

"Бүтүн Кыргызстан" азаматсыңар. Ушундай болуш керек. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттар Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров жеке адамдардын мүлкүнө мунапыс берүү боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүгө каршы болушту. Долбоор капиталды легалдаштырууну камтыйт, анын ичинде мыйзамсыз алынган. Алардын мындай кадамы бир топ депуттардын нааразычылыгын жаратып, өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов анда бул мыйзамды күн тартибинен алып салууну сунуштады.

Депутат Балбак Түлөбаев эмнеге эки депутат баары үчүн чечим чыгарат деп суроо салды.

"Башыңда кылыч турса дагы позициядан тайбаш керек. Бул жакта позициялардын күрөшү болуп жатат. Өкмөт мыйзамдарды алып келип жатат, ал эми "Бүтүн Кыргызстан" каршы чыгып жатат. Эмнеге? Анткени өкмөттү сындырыш керек да, өзүлөрү бийликке келиш керек. Азаматсыңар. Бул шоу эмес, муну саясий упай топтоо дейт. Бул эртеңки президенттик шайлоого даярдык дейт. 

Мыйзамдар жол бергенден кийин отуруп бериш керек да аягына чейин. Баш мыйзамда турабы, ошол боюнча эле иш алып бара бербейсиңерби. Казинону ошондой жол менен эле кабыл албадыңарбы. Эмнеге артка кайтып жатасыздар. Күрөшкүлө же саясий аренадан чыккыла", - деп билдирди депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости