www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев эл өкүлдөрүн мандатын тапшырып, тарап кетүүгө чакырды.
Жогорку Кеңештин жыйынынын башында депутаттарга «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү», «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү» жөнүндө мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору долбооруна добуш берүү сунушталган. Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев добуш бербей, добуш берүүнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылышты.
ЖКдагы министрлер кабинетинин өкүлү Алмас Абытов эки депутаттын нааразычылыгынан улам маселени добуш берүүдөн алып салууну суранды.
Анда төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев депутаттарды «макул» же «каршы» деп добуш берүү менен өз позициясын билдирүүгө чакырды. «Урматтуу депутаттар, бири-бирибизди сыйлабайлыбы.
Эгер биз иштей албасак, анда ар бирибиз ушул жерден тарап кетеличи. Биз иштей албай калдык окшойт. Список чогулталы анда, кимибиз... мен биринчи коюп берейинчи анда ошол мандатын тапшырганга. Иштесек нормально иштейли, бири-бирибизди түшүнүп. Иштебесек, анда тарайлы, кетели.
Ушул жерде «Бүтүн Кыргызстан» отурат саботаж кылып. Бул эмне дегени? Сыйлайлы да бири-бирибизди. Анда компьютерлерин өчүрүп салалы. Ошону баарыбыз чечели, добушка коёлу. Копьютерлерин өчүрсө, өчүрүп салалы. Мыйзам чегинде иштейли. Бизди сыйлабайт да, бизди сыйлабаганы үчүн ушуга барып жатышат да», - деди ал.