www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Шайлообек Атазов бийликти спортко көңүл буруп, каржылоону көбөйтүүнү бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында сунуштады.
Ал камактагыларга караганда спортчулардын тамак-ашына азыраак акча бериле турганын айтып нааразы болду.
"Биз спортчулар машыккан залдарга, ошондой эле спорттук медицинага жакшы көңүл бурушубуз керек. 2008-жылы Игорь Чудинов премьер-министрлик кылып турганда документке кол коюлуп, ага ылайык, спортчулардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн каражат 83 сомду түзгөн. Бул күнүнө 250 сомдон алган абактагылардан аз. Эмне үчүн бул сумманы көбөйтө албайбыз? Биз министрлер кабинетинин башчысына кат менен келгенбиз, ал башкаларга жөнөтөт. Кошумчалай кетсек, өлкөдө бир эле спорт дарыгери бар, башка өлкөлөрдө спорттук психологдор бар. Бул тармакка көңүл буруу керек. Биз спортту даңазалообуз зарыл. Мисалы биз чиновниктер жумуштан кийин пивоканага барбастан, спорт залга барууну модага айлантышыбыз керек", — дейт Атазов.
Булак: NazarNews.kg