www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Элдик” депутаттык тобу арзан турак жайларды массалык түрдө курууну сунуштоодо. Бүгүн, 17-июнда, бул топтун жыйынында Акбөкөн Таштанбеков анын программасы менен тааныштырды.Депутаттын айтымында, азыр билими жана диплому жок карапайым калкты турак жай менен камсыздоо программасы жок.

"Мамлекеттик ипотеканы 4% менен мамлекеттик аппараттын кызматкерлери алат. Үч президентти кетирген миңдеген карапайым жигиттерге эч нерсе жок. Программа катардагы официанттарга, таксисттерге, банктык көчүрмөсүн, жашаган жерин бере албаган курулушчуларга арналган. Диплому жок болсо түшүнбөй, документ толтура албайт», - деп белгиледи депутат.

"Биз программаны бир нече жаштардан окуп көрүүсүн сурандык. Бирок алар :"Сонун! Бирок бул кантип болсун?" деп таң калууда. Алар банксыз, үстөксүз, ортомчуларсыз, жөн эле өздүк баасында турак жай алууга мүмкүн экенине ишенишпейт. Союз убагында турак-жай бекер берилген. Анда 53 миллион чарчы метрден ашык турак-жай салынган.

15 миллиард сом 200 миң адамды турак-жай менен камсыз кылууга жетет. Бул үчүн биз корпорация түзүүнү сунуштап жатабыз, мында Мамлекеттик ипотекалык компания башында турушу керек. Биз массалык курулуш идеясынын айланасында биригүүнү сунуштайбыз. Ипотекалык турак-жай гана эмес, мейманканалар, фабрикалар жана коммерциялык кыймылсыз мүлктөрдү дагы. Бул программа кедейлер үчүн эле эмес, байлар, ишкерлер үчүн да", - деди Таштанбеков.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 40 чарчы метр 1 бөлмөлүү батирдин ай сайын төлөнүшү болжол менен 20 миң сомду түзөт.

"Азыр МИК программасы боюнча бир адам чарчы метрине 51,6 миң сом төлөйт. Биздики боюнча - 34,4 миң. Башкача айтканда, батирдин баасы азыр 2 миллион 64 миң сом. Биздин программа боюнча - 1 миллион 375 миң сом. Биздин программа боюнча баштапкы салым нөлгө барабар, ипотекалык программа боюнча – дээрлик 200 миң сом. 15-20 жылга пайыздар 1 миллион 857 миң сомду түзөт, буга калктын басымдуу бөлүгүнүн алы келбейт. Биздин программа боюнча – 7 миң сомдон бир аз ашат. Ал эми официант аялы менен 20 миң сом алса, 7 миң сом алар үчүн көтөрө алчу сумма", - деди депутат.

Ал белгилегендей, азыр жаран ипотека алып, 20 жылдан кийин эки эсе көп төлөп, акча курулушка салган олигархтардын чөнтөгүнө түшөт.

"Анан олигархтар Лексус минишет. Адилетпи?! Алар карапайым жарандардын арты менен пайда көрбөшү керек. Ооба, кээ бирлери айына 7,5 миңге кантип батир алам деп айтышат! Бул реалдуу эмес деп. 1941-жылдын 14-майында Чоң Чүй каналын аялдар жана балдар кол менен казып баштоо реалдуу эмес болчу. Алар жүздөгөн метр казышты. Былыкчыга темир жолду күрөк, араба менен салышты! Мына ушулар реалдуу эмес болчу. Жөн гана каалоо керек. Карапайым элдин эсебинен байыганды токтоткула! Баарыбыз эл менен бирге байып, мамлекетти көтөрө турган мезгил келди. Бул мүмкүн эмес деп айтпаш керек", - дейт Таштанбеков.

Таштанбековдун айтымында, кыймылсыз мүлк куруу үчүн пол плиталары, мамычалар, трассалар, ички панелдер жана башка чоң курулуш материалдарды Ленин атындагы заводдун аймагында даярдаса болот.

"Президент Садыр Жапаров реформатор катары тарыхта калышын кааласаңыз, жөн эле угуп, кетип калбаңыз. Чыныгы патриот, команда болсоңуз, "Жапаров" кичи райондору пайда болушуна кам көргүлө. Бизде "сталинка", "хрущевка" деп аталган үйлөр бар. Аларды эл ушинтип атап койгон. Андыктан президент тарыхта калышына мүмкүндүк бергиле", - деди ал Мамлекеттик ипотекалык комиссиясынын өкүлдөрүнө кайрылып.

“Элдик” программасынын алкагында өлкөнүн, шаардын жүзүн өзгөртүү сунушталууда: ал үчүн Чүй проспектисинин боюндагы Абдрахманов (Советская) көчөсүнөн Манас (Белинский) проспектисиндеги Ак үй, музей жана бир нече тарыхый эстеликтерден тышкары бардык имараттарды алып салуу керек.

"Баарын бузуп, 20 кабаттуу бульвар куруу керек. Бул реалдуу нерсе. Ал эми карапайым адам ал жерден 1 чарчы метрин 7 доллардан мейманкана, кеңсе, кафе, дүкөн сатып алат. Балким скептиктер бизге, мага ишенбесе, Садыр Жапаровго ишенет, анткени ансыз бул программа иштебейт", - деди Таштанбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости