www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтык Үсөнов бүтүрүүчүнүн мугалимдерди жана мектепти сындаган видеосу боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, Нурбек Үсөнов мындан беш ай мурун Жалал-Абад шаарындагы мектепке которулган.
«Ал 2022-жылдын 11-январында шаардагы кечки мектепте окууну чечкендиктен, Гайдар мектебинен документтерин алып кеткен. Мектеп менен чогуу коштошуу үчүн мурунку классташтарына келген учурда сөз сүйлөгөн», - деди Тынчтык Үсөнов.
Ал белгилегендей, окуу жайдын директору жана башкы мугалими мурунку окуучунун сын-пикирлерин четке кагышты.
«Дене тарбия мугалими намаз окуйт. Ал бир-эки жыл мурун аялы каза болгондо бир аз ичкен, бирок азыр алкоголдук ичимдиктерди ичпейт дешет", — деди чиновник.
Анын айтымында, бул мектепте билим сапаты орточо деңгээлде.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда бул мектептин бүтүрүүчүсү мугалимдерди жана билим берүү тармагын сындаган видео тараган. Көп өтпөй бүтүрүүчү аталган видео жөн гана пранк экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg