www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы жылдары Казакстан газ, электр энергиясы гана эмес, суу да тартыштыгына дуушар болот. Мындай тыянакты Экология, геология жана жаратылыш ресурстар министрлигинин адистери чыгарышты. Бул тууралуу «Orda» билдирди.
Басылманын айтымында, калктын санынын өсүшү, экономикалык өнүгүү жана глобалдык жылуулук Казакстанда суунун тартыштыгына алып келет. 2040-жылга карата керектөө 46 пайызга өсөт, ал эми жетишсиздик 12 куб километрге чейин жетиши мүмкүн.
Мындай маалыматты Суу чарба комитетинин жыйынында парламенттин спикери Ерлан Кошанов билдирди. Жылдан-жылга өнөр жай жана тиричилик тармактарында сууну керектөө өсүүдө, айыл чарбасы дагы эле сууну эң көп керектөөчү болуп саналат.
Казакстандын 1543 айылы же 544 миң калкы ичүүчү таза суу менен камсыз болгон эмес.
Ошондой эле өлкө 2030-жылга чейин сугат жерлеринин аянтын үч миллион гектарга чейин көбөйтүүсү керек. Ал эми гидротехникалык курулуштар абдан эскирген. Парламенттин төрагасы Ерлан Кошанов Казакстан суу кадастрын түзө электигин белгиледи.
Суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү тутумунда да көйгөйлөр бар – өлкөдө зарыл болгон учурда 800 гидрологиялык посттун болгону 310у гана иштейт.
Булак: NazarNews.kg