www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бүтүн Кыргызстан» партиясы Кыргызстанды өзүңөргө кошуп алгыла деп Путинге кайрылганы чын болсо, анда алар саясатта чоң катачылык кетиришти», - деди бүгүн, 17-июнда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турат Мадылбеков.
- Орусиянын айрым сайттары «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Донбаска жардам жөнөткөнүн, ошондой эле партиянын өкүлү Кыргызстанды Орусияга кошуп алгыла деп айтканын жарыялашты. Бул маалымат чын болсо алар эркин мамлекетибизге шек келтирип, чыккынчылыкка барабар иш жасап жатышкан жокпу?
- Донбасска жардам бергени албетте жакшы. Жардам берүү ар кимдин өз эрки. Бирок, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Путинге кайрылып, Кыргызстанды өзүңөргө кошуп алгыла дегени чын болсо, анда алар саясатта чоң катачылык кетирди.
Эске салсак, буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Донбасска гуманитардык жардам жөнөткөнү айтылган.
Булак: NazarNews.kg