www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мариупол шаары үчүн күрөш узакка созулуп, жаңыдан бошотулган шаарды Орусиялыктар колдон-буттан алып кайра курууга киришти. Украина 2023-жылы өтө турган «Евровидение» ыр сынагынын финалын Мариуполь шаарында өткөзө тургандыгы боюнча билдирүү жасап жатат. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчисинин орун басары Кирило Тимошенко өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
«Украина «Евровидение-2023» сынагынын финалына даярдана баштады. Биз жана Европа телерадиоберүү биримдиги үчүн негизги маселе — коопсуздук. Украинанын Коргоо министрлиги менен Ички иштер министрлиги «Евровидение-2023» сынагына даярдык көрүү иштерине башынан эле интеграцияланган», - деп жазды Тимошенко.
Анын айтымында, коопсуздук жана логистиканын ыңгайлуулугу үчүн бийлик өкүлдөрү иш-чараны өткөрүү үчүн ар кайсы аймактарды караштырууда. Ошол эле учурда ал бийлик иш-чара так кайсыл жерде өтөрүн айта албай турганын билдирди.
Президент Зеленский «Kalush Orchestra» тобун куттуктоосунда келерки жылы сынак Мариуполдо өтүшү үчүн мүмкүн болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасоого аракет кылаарын айтты. Украиналык «Kalush Orchestra» «Stefania» ыры менен «Евровидение-2022» ыр сынагынын жеңүүчүсү болгон.
Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жана калыстар тобунун жалпы жыйынтыгы боюнча Украинанын өкүлдөрү 631 упайга ээ болуп, 466 добушка ээ болгон эң жакынкы атаандашы — Улуу Британиядан чоң айырма менен жеңүүчү аталды. Эрежеге ылайык, келерки жылы сынак Украинада өтүшү керек.
Ал эми ошол кезде эле америкалык The Washington Post басылмасы Нью-Йоркто тез тамак-аш жеткирүү менен алектенген Buyk компаниясынын кызматкерлери Орусияга каршы санкциялардан улам жумушсуз калганын жазды. Басылма 16 күндүн ичинде Buyk банкрот деп жарыяланып, бардык 900 кызматкерин жумуштан кетирген.
Биринчиден, анти-орусиялык санкциялар кызматкерлердин күнүмдүк милдеттерине сокку уруп, андан кийин аларды эмгек акыларынан ажыраткан, анткени уюм каржылоо булактарын жоготкон. Буга чейин The Washington Post гезити Украинадагы аскердик атайын операциядан улам Орусияга каршы санкциялар АКШда азык-түлүктүн кымбатташына алып келерин жазган.
Аналитиктерге шилтеме берүү менен басылма Орусиядан импорттолгон продукциянын үлүшү аз болгонуна карабастан, кырдаал алардын баасына олуттуу таасирин тийгизерин белгилеген. Бул азыркы кырдаалдын соккусун эң катуу сезе турган америкалык фермерлердин жогорку финансылык оордугуна байланыштуу. Ал эми продукциянын жогорулаган наркы, тиешелүүлүгүнө жараша, сатып алуучулар үчүн акыркы наркы чагылдырылат. Ошондой эле, америкалык журналисттер буудайды жеткирүү үчүн фьючерстердин 29% жогорулагандыгын белгилешүүдө, бул АКШдагы анын баасына да таасирин тийгизет.
Кошмо Штаттардын президенти Джо Байден Вашингтон алыскы аралыкка атыла турган ракеталарды Украинага бере албай турганын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.
"Биз Орусияга сокку жасай ала тургандай ракеталык системаларды Украинага жеткирбейбиз", - деди Байден журналисттерге Вашингтондо. Өткөн апта CNN жана Washington Post жалпыга маалымдоо каражаттары АКШ Украинага жүздөгөн чакырым аралыктарга сокку ура ала турган ракеталык системаларды берүүнү пландап жатканын кабарлашкан. Анын ичинде HIMARS артиллериялык ракеталык системасын жана MRLS жапырт атуучу системасы Киевге жөнөтүлүшү ыктымал экенин билдиришкен. Ошол эле маалда Ак үйдүн өзүндө бул куралдар Орусиянын аймагына чабуул жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн деген камтамачылыктар болуп жатканы да айтылган.
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев Байдендин соңку билдирүүсүн "акылдуу чечим" деп баалады. "Антпесе, биздин шаарларга чабуул болсо Орусиянын Куралдуу күчтөрү ал кылмыштуу чечимди кабыл алып жаткан жерлердин очогуна сокку урушмак", - деп жазды ал Телеграм каналына.
АКШ Украинага курал жеткирүү боюнча жаңы маалыматтарды ушул аптада жарыялайт деп күтүлүүдө. Орусиянын басып киришине байланыштуу Укринанын армиясына АКШ, Улуу Британия, Чехия, Нидерланды баштаган бир катар батыш өлкөлөрү жардам берип жатат. Согуш башталгандан бери эң көп куралды АКШ берди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg