www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекетибизде газ таңкыс болуп, энергетика системасына күч келип жатат. Мындай пикирин депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кечээ жыйынга Газпромдун жетекчисин чакырганбыз. Бирок ал келген жок. Келбеген себебин сураксак иш сапар менен жүрөт деп жооп беришти. Бүгүн болсо орун басарын жибериптир. Бул жигит эч нерсе чечпейт жана колунан эч нерсе келбейт. Болот Абилдаевдин абдан бай экенин билебиз. Жыйырма жылдан бери Газпромду жетектеп келе жатат. Бардык Кыргызстандыктар анын кантип байыганын билет. 

Эмне үчүн жетекчи жыйынга келип, маалымат бербейт? Кышка күзүндө даярдануу керек болчу. Толтура май куюуучу жайларды курбай, газ сактоочу жай куруу керек болчу. Ошондо Кыргызстанда үзгүлтүксүз газ берилип турмак. 

Азыр орун басарынан сурасак ал Дубайда же Лондондо эс алып жүрөт деп жооп берет. Ал жыргап жүрөт, эл болсо кыйналып жатат. 

Урматтуу төрага, Газпромдун жетекчиси келип маалымат берсин. Ал эмне депутаттарды тоготпой жатабы? Макул бизди сыйлабаса, элди сыйлап койсун", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости