www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаардык мэриясынын капиталдык курулуш департаментинин башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-февралында УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик каражаттарды максатсыз колдонуу фактылары боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад шаардык мэриясынын капиталдык курулуш департаментинин башчысы Н.А.ны кармады.

2018-жылдын январь айында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын тендердик комиссиясы тарабынан Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн биринин жол жээгин жана инфраструктурасын кеңейтүү, реконструкциялоо үчүн, курулуш иштерин тейлөө кызматтарын сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы боюнча, жеке компаниялардын бири жеңүүчү деп табылып, ага аталган башчы келишим түзгөн. Бирок жетекчи материалдык артыкчылыктарды алуу боюнча өз кызыкчылыгын көздөп, техникалык көзөмөлдүн жооптуу адамдары жана жеке компания менен алдын-ала бир бүтүмгө келип, курулуш иштеринин көлөмүн жана колдонулган курулуш материалдарынын баасын мыйзамсыз жогорулаткан.

Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 1 миллион 600 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Кармалган адам Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости