www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин экс - коопсуздугун коргоп,  коомдук иштер менен байланышуу боюнча жооптуу кызматкери, коомдук ишмер, далы менен кыргызча төлгө тарткан, атактуу төлгөчү Кайып Шер менен маек.

- Октябрдан бери Жапаровго көңүл бурбаган Путин шайлоодон соң инстаграм менен куттуктамыш болгон. Андан мурунураак Токаев куттуктаганда биринчи иш сапарымды Казакстанга жасайм деп жиберген. Жапаров эмне үчүн Нур-Султанга эмес, Москвага биринчи иш сапарын арнады?

- Москвага, Путинге иш сапарын жасабаса болбойт. Казакстан биз сыяктуу эле мамлекет, эмнеге биринчи сапарды аякка жасаш керек? Мурунку президенттер Акаев президент болор менен Ельцинге салам айтып келчү. Бакиев экинчи мөөнөткө президент болгондо тескерисинче ЖККУнун саммитине шылтоолоп Медведевди Кыргызстанга чакырып алган. Ал эми Алеша президент болоор менен Путинге жөргөлөп барган, Жээнбеков да Путинге барган.

- Мектепте жалкоо мугалимдерди «физкультурник» деп коюшат. Президентти ушул деңгээлге түшүргөн саясатчылар бар. Жалпы эле кыргыздын намысын тебелеп-тепселеп, орустун баркын көтөрүп жаткандай...

- Путинге эмне кыргыздар бири-бирин жамандап барса, ичинен күлүп койот. Жапаров менен Путиндин ортосуна от жагып, Жапаровду  «физкультурник» мугалими деңгээлине түшүргөн саясатчылар  Алеша, Кулматов, Акаевдин тыңчылары Кремлди тынчытпай ушактап жүрөт. Путин дүйнөлүк этиканы сактап, Жапаров барса протоколдун негизинде тосуп алаар. Ал эми Алеша, Кулматов, Акаевдин ушактарына ууккан анын айлана-чөйрөсү Жапаровду  «физкультурник» мугалим деңгээлинде экен дешип кыргызды басынткандар, чай берсе сынык чыны менен берер. Путин да бир жагынан Кыргызстандан сестенип турбаса, Алешадай болуп бүгүлүп тургандар президенттен кеткен соң Путинден жакшы сөз уккан жок.

- Азыр карапайым адамдар мектепке барышса директорлор Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп: «Мына Жапаров менен түшкөн сүрөтүм, ал менин колдоочум, эгер бир нерсе деп ооз аччу болсоң өзүңдү Үч-Коргондон табасың» деп коркута баштады. Чын эле ушуларды президент колдоп жатабы?

- Жок, мунун баары карандай калп. Садыр Жапаровдун атын сатып оокат кылган  аферисттер кумурскадай жер-жайнап кетти. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров социалдык тармактар аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасаган. Ал 6-октябрдан бери миңдеген адамдар менен сүрөткө түшкөнүн, ошол өзү менен түшкөн сүрөттү көрсөтүп, ар кандай маселелерин чечип жаткандар болсо кайрылуусун өтүнгөн: "Урматтуу кыргызстандыктар! 6-октябрдан бери миңдеген жарандарыбыз менен сүрөткө түштүм. Айрыкча октябрь айларында кабылдамага ар кандай иштер менен келген адамдардын баары сиз менен сүрөткө түшүп алайынчы деп суранса жок дей албайт экенсин. Шайлоодо үгүт учурунда жүргөн мезгилде дагы миңдеген адамдар менен сүрөткө түшүү болду. Чынымды айтайын, ошолордун 99 пайызын тааныбайм.

Айтайын дегеним, адам баласы бар жерде баары болот дегендей, мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып калып жатат. Ошондуктан бирге түшкөн сүрөт көрсөтүп, маселемди чечип бер дегендерге алданбагыла жана дароо бизге кабар берип койгула. Жазасын беребиз", - деген президент Жапаров. 

-Демек, президент Жапаров менен чогуу сүрөткө түшүп, төшүн кагып, эми ким экенин атабай эле коёюун Садыр Жапаровдун атын сатып мектеп окуучуларына кийинки  боло турган окуу жылынын эсебинен акча чогултуп  жаткан мектеп жетекчилери бар экен. Булардын эсебин ким табат?

- Эгер ушундай чындык болсо, анда акча чогултуп жаткандар кызматынан бошомок түгүл, кылмыш жообуна тартылып кетишери бышык. Бул иштин чын төгүнүн аныкташ керек. Ошол акчаны чогултуп берип жаткан мектеп окуучуларынын ата-энеси Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматына же тиешелүү коопсуздук органдарына кайрыла турган болсо, канча акча бергенинин жыйынтыгынан улам Кылмыш-Жаза кодексинин «кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган» деген берене менен жыкса болот.

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости