www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Искендер Матраимов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысынын айлыгынын өлчөмүнө нааразы болду. Бул тууралуу ал Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилигинин айлык акысы эң жогору.
"Сиз оклад эле 110 миң сом деп айттыңыз. Кошумча төлөмдөр менен 150-160 миң сом чыкса керек. Бул жерде эч ким мындай айлык албайт. Сиздин айлыгыңыз президенттикинен да көп. Сиз мамлекеттик уюмсуз. Силер мамлекеттик акчаны коммерциялык банктарга гана бересиңер", – деди ал.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнова апрель айынан бери гана айлыгы 110 миң сом болгонун, бөлүм башчылары 72 миң сомдон алышарын билдирди.
Матраимов ипотекалык компания техникалык иштерди гана аткарарын белгиледи.
"Айлыкка эле 30-40 миллион коротот экенсиңер. Силер техникалык иштерди гана аткарасыңар. Документтерди кабыл алып, банкка жөнөтөсүңөр. Жада калса кезекке дагы банктар коюшат", – деп кошумчалады депутат.
Булак: NazarNews.kg